Иранда хиджаб кийүүдөн баш тарткандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат

Иранда хиджаб кийүүдөн баш тарткандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Ирандын парламенттик комиссиясы хиджаб боюнча катаалдаштырылган мыйзам долбоорун жактырган. Жаңы мыйзамга ылайык, хиджаб кийүүдөн баш тартканы үчүн аялдар 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, айып пулдун көлөмү миң эсе көбөйөт.

Парламенттик комиссиядан кийин эми аталган долбоор консервативдүү диниятчылардан турган Конституцияны сактоочулар кеңешине сунушталат.

Буга чейин CNN басылмасы кабарлагандай, мыйзам долбоору 70 беренеден турат. Анын ичинде хиджаб кийүүдөн баш тарткан аялдар үчүн бир топ чоң айыптар жана узак мөөнөткө эркинен ажыратуу, мыйзам бузган атактуулар жана компаниялар үчүн жаңы катаал жазалар жана дресс-кодду аныктоо үчүн жасалма интеллектти колдонуу каралган.

Ирандагы азыркы мыйзамга ылайык, дресс-кодду бузгандар 10 күндөн эки айга чейин эркинен ажыратылат же 50 миңден 500 миң иран риалын төлөшөт. Ал эми жаңы мыйзамда болсо беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралып, 360 миллион иран риалына (7800 евро) чейин айып пул салуу жазылган.

Буга чейин Иранда коомдук жайларда хиджаб кийүү нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн полиция кызматы унаа жана жөө патрулдарды ишке тартып жатканы айтылган.

Эске салсак, былтыр сентябрда "туура эмес" хиджаб кийгени үчүн 22 жаштагы Махса Амини кармалып, полиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Амининин өлүмүнөн кийин Иранда массалык нааразылык акциялары башталып, бир нече жаран эркинен ажыратылган, айрымдары дарга асылган. Нааразычылыктан кийин иран айымдары хиджабсыз жүрө башташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан