Чек ара: Чолпон-Атада Кыргыз-өзбек комиссияларынын жумушчу жыйыны өттү

13-19-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Кыргыз-өзбек Биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.

"Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан