Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү жарылуу: Түштүк Кореянын жараны каза болду

Бүгүн, 21-августта Бишкектин түштүгүндөгү батирлердин биринде жарылуу болуп, анда каза болгон жаран Түштүк Кореялык болуп чыкты. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, Бишкектин түштүк тарабындагы үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, андан кийин чыккан өрттүн кесепетинен Түштүк Кореянын 50 жаштагы жараны каза болду.

Алдын ала маалымат боюнча, имараттын экинчи кабатында газ баллон жарылган.

Эске салсак, Бишкектин 3-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 2-кабатынан жарылуу болуп, өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан