
Бүгүн, 21-августта Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, окуя борбор калаанын Октябрь районунда катталган. Анда көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында жарылуу болуп, өрт чыккан.
"3-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 2-кабатынан жарылуу болуп, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлдү"-, деп айтылат маалыматта.
Министрликтин маалыматына караганда, кырсыктан 1 адам каза тапкан. Ал эми жабыркагандардын саны такталып жатканы кошумчаланды.