Катуу кургакчылыкка байланыштуу Панама каналында кыймыл токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, Атлантика океанын Тынч океанга байланыштырган жана дүйнөлүк соодада маанилүү орунга ээ болгон каналда суунун деңгээли азайгандыктан өтмөктөр 32 кеме менен чектелди.
Ага байланыштуу кемелер каналдын эки тарабында тыгылып калды.
200дөн ашуун кеме каналдан өтүүнү күтүп турганда, 200 миллион долларлык кирешенин жоголушуна алып келери болжолдонууда.
"Панама каналы Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда соода жүргүзгөн ири чекене жана энергетикалык компаниялардын, анын ичинде көптөгөн жүк ташуучулар үчүн чыгымдарды жана транзит убактысын кыскартат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, каналда 20 күндөн бери уланып жаткан транзиттик чектөө 2-сентябрда аяктаары күтүлүүдө.