Улуу Британияда жаңы төрөлгөн ымыркайларды өлтүргөн медайым өмүр бою эркинен ажыратылды

Кечээ, 21-августта Улуу Британияда Манчестер соту бир нече жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө шектелген медайым Люси Летбини өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, соттук процесс учурунда Летбинин 13 ымыркайды өлтүргөнү далилденген. Ал мындан сырткары, 6 ымыркайдын өлүмүнө шектелип жатат.

Люси Летби 2015-жылдын июнь айынан 2016-жылдын июнь айына чейин Честер ооруканасында иштеп жүргөндө жаңы төрөлгөн балдарга бош шприц сайып, аларды өлтүргөн. Ошондой эле ашыкча тамактануу, инсулин менен уулануу сыяктуу ыкмаларды колдонгон.

Летбинин кээ бир кесиптештери биринчи үч өлүмдөн кийин анын катышы бар деп шектенишкен, себеби каза болгон ымыркайлар Летбинин нөөмөтү учурунда болгон. Бирок оорукана жетекчилиги бул окуяга олуттуу караган эмес.

Эми Люси Летби оор режимдеги "Бронзфилд" аялдар түрмөсүндө өмүрүн өткөрөт. Муну менен ал англис мыйзам тарыхында өмүр бою эркинен ажыратылган төртүнчү аял болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан