10-сентябрда өтө турган №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысын жана басылма аянтчаларын бѳлүштүрүү боюнча чүчү кулак ѳттү. Бул тууралуу БШК кабарлады.
Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин жеке чыгып сүйлөөлөрү 22-августтан 25-август аралыгында кечки убакта УТРКнын түз эфиринде болот.
Талапкерлердин катышуусундагы теледебаттар 5-сентябрдан 8-сентябрга чейин кечки убактагы эфирде өткөрүлөт.
Депутаттыкка аттангандар өздөрүнүн материалдарын "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде үгүт жүргүзүү мезгилинин бардык күндөрүндө жайгаштырса болору белгиленди.