"Болгону 1 доллар". АКШда дүйнөдөгү эң арзан үй сатыкка чыкты

АКШнын Мичиган штатында эки уктоочу бөлмөсү, ашканасы жана жуунуучу бөлмөсү бар 76 чарчы метрлик үй сатылат. Анын баасы болгону 1 долларды түзөт деп чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бул жөн эле үй эмес, аны сатып алуучулар укмуштуудай окуялардын дүйнөсүнө билет сатып алат", - деп айтылат жарнамада.

Басылмалар жазышкандай, бирок ал үй жашоого такыр жарактуу эмес. Сырткы жасалгасы жана чатыр жабыркаган, айрым бөлмөлөрдө туш кагаз чапталбай, акталбай да калган.

Жарнакка сатып алуучуларды сынган полдор, көгөрүп кеткен ванна, эскирген дубалдары бар ашкана күтүп жатканын тастыктаган сүрөттөр тиркелген.

Белгиленгендей, бакчасы дагы кейиштүү абалда. А бирок риелторлор үйдү жогору баада сата ала турганына ишенип жатат.

Болгону аны сатып алган жаңы ээлери үйдү толугу менен оңдоп чыгууга дагы бир топ каражатын жумшап калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-08-22 14:31:00
Лалафого койсоңор баасы тез көтөрүлөт;)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан