Шотландияда чоңдор үчүн атайын бала бакча ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, бала бакча Big Kid Kindergarten деп аталат жана ал Шотландиянын Эдинбург шаарында жайгашкан.
Анда эркектер менен аялдар эртеден кечке ар кандай оюнчуктар менен ойноп, кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Ошондой эле кумда ойноп, жомок угушат жана жаңы адамдар менен таанышат.
Солей аттуу уюштуруучунун айтымында, мындай бала бакчага келүү аркылуу адамдар бир күн бою көйгөйлөрүн унутуп, кайра "бала болуу" мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Солей бала бакчага 16 жаштан жогору бардык жарандарды чакырган. Болгону бала бакчанын мүчөлөрү күнүнө 8 фунттан 10 фунтка чейин (болжол менен 1200 сом) төлөшү зарыл.