Чүйдө баңгизат ишине байланыштуу дагы үч милиция кызматкери кармалды

Орус жаранына маңзат салып, акча талап кылганга шектелип үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусиянын жараны милицияга арыз менен кайрылып, 20-апрелде милиция кызматкерлери жана “Д” аттуу кыз Бишкектеги кафелердин биринде ага “гашиш” ыргытканын айткан. Ошондой эле аны коркутуп, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Чүй облустук милициясынын М.Ч., С.А. жана А.А. аттуу үч кызматкери кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жаткандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан