Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Каныбек Адиев кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.
Маалыматка ылайык, Каныбек Адиев ээлеген кызматынан өзү жазган арызынын негизинде бошотулган. Буга чейин Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу боюнча президенттик администрацияга сунуштама берген. Көп өтпөй Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өз каалоосу менен арыз жазып, жумуштан кеткен.
Эске салсак, Каныбек Адиев бул кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган. Азырынча анын ордуна ким келери белгисиз экендиги айтылды.