Пакистандын 110 жаштагы жашоочусу 55 жаштагы аялга үйлөндү. Бул тууралуу 24 News HD билдирди.
Жергиликтүү эл арасында ызы-чуу жараткан той Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Мансехра районунда өттү. 12 баланын атасы Абдул Ханан Свати төртүнчү ирет үйлөндү. Жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдүн үй-бүлөсү небере-чеберелери менен бирге 84 кишиден турат.
Жергиликтүү мечитте өткөн салтанаттуу аземге күйөө баланын алты уулу жана алты кызы да катышты.
Жаңы үйлөнгөндөрдүн видеосу интернетке чыгып, тез эле популярдуулукка ээ болгон.
Буга чейин Сауд Арабияда 90 жаштагы карыя бешинчи аялына үйлөнгөнү маалымдалган. Мындан сырткары анын дагы үйлөнүү ниети бар экени айтылган.