АКШда спирт ичимдигине көз каранды болгон адамдар үчүн вакцина ойлоп табылды. Бул тууралуу Nature Medicine илимий журналында жарыяланды.
Маалыматка караганда, Огайо штатынын университетинин медициналык борборунун окумуштуулары ген терапиясынын негизинде спирт ичимдигине көз каранды адамдар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп табышкан. Анда изилдөөчүлөр кадимки вакцинанын жардамы менен келечекте спирт ичимдигине болгон көз карандылыктан айыктыруу мүмкүн экенин аныкташкан.
Илимпоздор өз иштеринин жүрүшүндө ген алып жүрүүчүнү (аденовирус) колдонушуп, аны алкоголдук көз карандылык менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берген башка генди киргизүү үчүн өзгөртүшкөн. Ал эми дары дофамин өндүргөн мээнин бөлүгүнө таасир бере турганы аныкталган. Себеби спирт ичимдигинен жапа чеккен адамдарда бул гормондун синтези бир топ төмөн болгондуктан көз каранды болгон азыктардан баш тартууда кыйналышат.
Окумуштуулар вакцинаны алгач маймылдарга эксперимент жүргүзүп, аларга спирт ичимдигин берип көрүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында вакцина алган маймылдардын 90 пайыздан ашыгы спирт ичимдигине болгон көз карандылыктан арылышкан. Басылманын маалыматына караганда, азырынча адамдарга эксперимент жүргүзүлө элек.