КамАЗдын жаратуучусу Лев Васильев 99 жашында көз жумду. Бул тууралуу Татарстандын Москвадагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
"КамАЗдын жаратуучусу Лев Борисович Васильев дүйнөдөн кайтты. Татарстандын жана өлкөнүн эң жаркын инсандарынын бири бүгүн түнү 99 жашында каза болду", - деп айтылат андагы маалыматта.
Маркум 12 жыл КамАЗды чыгарган заводду башкарган. Бул мезгилдин ичинде нөлдөн баштап автогигант курулуп, заводдун өзгөчө кадрдык потенциалы түзүлүп, Набережные Челныга өлкөнүн бардык аймактарынан мыкты адистер тартылган.
Мындан тышкары ал "Москвич" заводунун генералдык директору дагы болгон. Ал Москвичтин алгачкы унааларын чыгарууга катышкан.