Өзбекстанда 49 жаран хот-догго ууланып ооруканага кайрылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 21-августта Самарканд аймагында болгон. Анда коомдук тамактануучу жайлардын биринен хот-дог сатып алган бир нече адам өздөрүн жаман сезип, бейтапканага кайрылышкан. Облустук жугуштуу оорулар ооруканасына уулануу белгилери менен 49 адам кайрылган. Алардын баары Рудаки көчөсүндө жайгашкан тез татым даярдоочу жайынан сатып алынган хот-догго ууланганы аныкталды.
Учурда аталган коомдук тамактануучу жайынын иши токтотулуп, андагы азыктар лабораторияга анализге жөнөтүлдү.
Дарыгерлердин айтымында, уулануу белгилери менен түшкөн 29 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Калган 20 бейтап ооруканада дарыланууда. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.