Испаниялык футболчу айым Дүйнө кубогун жеңген соң Мессини туурап сүрөткө түштү

Испаниялык футболчу Женнифер Эрмосо улуттук курама команда менен Дүйнө кубогун жеңген соң Лионель Мессини туурап сүрөткө түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы футболчу айым сүрөттө Дүйнө кубогун кучактап, диванда уктап жаткандай элести берген. Белгилүү аргентиналык футбол жылдызы Лионель Месси дагы былтыр Катарда өткөн Дүйнө биринчилигинен кийин дал ушундай сүрөтүн жарыялаган эле.

Белгилей кетсек, футбол боюнча айымдар арасындагы Дүйнө чемпиондугу жекшемби күнү жыйынтыкталды. Мелдештин финалында Испания курамасы Англияны 1:0 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Беттештеги жалгыз голду 29-мүнөттө Ольга Кармона киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан