Сомали бийлиги өлкөдө TikTok менен Telegram колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, өкмөт TikTok платформасын, Telegram мессенжерин жана 1xBet букмекерлик компаниясын өлкөдө убактылуу токтотууга буйрук берген. Сомали бийлигинин айтымында, бул платформалар "коркунучтуу дезинформация агымын" таратып жатат.
"Мен интернет-компанияларга террорчулар жана адеп-ахлаксыз топтор коомчулукка үрөй учурган сүрөттөрдү жана жалган маалымат таратуу үчүн колдонуп жаткан жогорудагы тиркемелерди токтотууну буйруйм", - деп билдирген Сомалинин коммуникация жана технология министри Жама Хассан Халиф.
Reuters белгилегендей, мындай чечим Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд беш айдын ичинде "Ал-Каида" террордук тобуна (Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм) байланышы бар радикалдык топту жок кылуу планын жарыялагандан бир нече күн өткөндөн кийин кабыл алынган. Себеби топтун мүчөлөрү TikTok жана Telegram баракчаларына өз ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты көп жарыялашат.