Израиль Сирияга ракеталык кол салуу жасады

Израиль Сириянын борбор шаары Дамасктагы кээ бир аскердик пункттарга ракеталык кол салууларды жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Сирия башкаруучулугунун аскердик булактарга таянган кабар агенттиги САНАнын кабарында Голан дөңсөөлөрүндө жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.05те Дамасктагы кээ бир аскердик пункттардын Израиль күчтөрү тарабынан ракеталар менен бутага алынганы айтылды.

Анда "Ракеталык кол салуудан бир аскер жаракат алды. Материалдык чыгым болду", - деп билдирилди.

Мындан тышкары маалыматта Дамасктын айланасында Сирия армиясы менен Иран колдогон террордук топтор жана Ливан Хизбуллахтынын топтору бар экендиги кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан