Карабахта мыйзамсыз армян куралдуу топтору жарандык учактарды бутага алууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, Азербайжанда террордук аракеттерди жасаган Армениянын мыйзамсыз куралдуу күчтөрүнүн аскердик аракеттери уланууда.
Азербайжандын коргоо министрлиги бул топтордун жарандык учактарды бутага алганын жарыялады.
"Бул террордук топтордун Азербайжан аба мейкиндигин колдонгон жарандык учактардын GPS системаларына каршы радио жыштыктарды башаламан кылуучу системаны колдонгондугу тууралуу маалымат берилди.
Министрликтин билдирүүсүндө окуя тууралуу орус командирлигине маалымат берилгенине карабастан эч бир чара көрүлбөгөндүгү белгиленди.
Мындан тышкары билдирүүдө жарандык авиациянын коопсуздугуна радио жыштык бөгөттөөчү менен тоскоол кылуунун кабыл алынгыс экени баса белгиленген. Бул кыймылдардын эл аралык жарандык авиация эрежелерине карама-каршы экендиги эскертилди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Индиядан Иран аркылуу Арменияга ташылган аскердик унаалардын видеолору Азербайжандын жергиликтүү басылмаларында жана социалдык медиаларында бөлүшүлдү.