Италиянын Эльба аралында (Тоскана аймагы) 21-августтан бери уланып жаткан токой өртүнөн улам куткаруучулар 700дөй адамды эвакуациялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, 150 адам муниципалдык түзүмдөргө жайгаштырылды. Маалыматта учурда 14 гектар жер күйүп кеткендиги айтылат. Эвакуациялангандар кечинде үйлөрүнө кайтуулары күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Аппенин жарым аралында орун алган ысыктан улам токой өрттөрүнүн абалы татаалдашууда. Бүгүн, 22-августта Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 16 шаарда, анын ичинде Римде африкалык антициклондун кесепетинен аба ырайынын эң жогорку - кызыл деңгээлин жарыялады, бул температуранын кескин жогорулашына алып келди. Ал эми эртең, 23-августта "кызыл" эскертүү 17 шаарда күчүнө кирет.