Орусиянын Неглинка дарыясынын жер астындагы коллекторун кыдыруу учурунда каза тапкан 8 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Буга чейин каза болгон жарандарды издөө иштери уланып жаткан.
"Азыр экскурсиянын бардык сегиз катышуучусунун сөөгү табылды. Каза болгондорду издөө операциясы аяктады",- деп билдирген расмий өкүлчүлүк.
Маалым болгондой, каза болгондордун арасында эки өспүрүм болгон.
Эске салсак, 20-августта Москвада катуу жааган жамгырга карабастан 8 жаран Неглинка дарыясынын жер астындагы коллекторлорун кыдырышкан. Көп өтпөй коллекторлордогу суунун деңгээли кескин көтөрүлүп кеткен. Адистердин айтымында, ал жерде болгон адамдардын аман калууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
Окуядан кийин Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде ("Байкоосуздуктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү") кылмыш иши козголгон.