Тышкы иштер министри Германияга иш сапары менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Германияга барат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, сапар 24-25-августка пландалган. Анын алкагында министр германиялык кесиптеши Анналена Бербок менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан сырткары дагы бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Сапардын максаты - Кыргыз-герман саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулоо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан