"Манчестер Ситинин" мурдагы ээси Бангкоктон кармалды. Ал 15 жылдан бери качып жүргөн

Таиланддын 15 жылдан бери качып жүргөн мурдагы премьер-министри Таксин Чинават Бангкоктун аба майданынан кармалды. Анын иши Жогорку Сотто каралып, 8 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 22-августта эртең менен анын жеке учагы Бангкок аэропортуна конгондон бир нече саат өткөндөн кийин болгон.

Чинават өкмөттү 2001-2006-жылдары башкарган. 2006-жылы Таиландда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик кулатылгандан кийин өкмөт башчы шашылыш түрдө өлкөдөн чыгып кеткен. Ага карата коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон.

74 жаштагы Чинават дүйнөдөгү белгилүү миллиардерлердин бири болуп саналат. Ал 2001-2006-жылдары англиялык "Манчестер Сити" футболдук клубунун ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан