Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан айыпталуучулар Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун иш-аракетине нааразы болуп, ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Кармалгандар судья тарабынан мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, ал дайыма отурумдарды жылдыраарын, жактоочу тараптын өтүнүчтөрүн карабай турганын, айыпталуучуга иш материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгилешкен.
Ошондой эле кармалгандар нааразылык иретинде ачкачылык жарыялап жатышканын, анткени прокуратура жана тергөө органдары алардын укуктарын одоно бузуп жатканын айтышты.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-октябрында милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.