Тышкы миграция жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мыйзам менен «Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат:

– “визасыз режим” түшүнүгү жаӊы редакция берилет, ага ылайык визасыз режим – бул чет мамлекеттин жарандары Кыргызстандын ченемдик укуктук актыларында жана/же Мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны жол-жоболоштурбастан Кыргызстандын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим;

– Кыргызстан тарабынан бир тараптуу тартипте же өз ара мамиле принциптеринде киргизилген визасыз режим Министрлер кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актылардын негизинде ишке;

– Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандарынын саламаттыгын сактоо максатында Министрлер кабинетине улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жаатындагы жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү маселелерди тескөөчү Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын макулдашылган сунушу боюнча Кыргызстанга визасыз кирүү режиминин колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп турууга укук берилет;

– визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын Кыргызстандын аймагына визасыз кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү, жүрүү жана келүү тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Белгилей кетсек, Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 29-июнунда чет мамлекеттин жарандарынын өлкөнүн аймагында болуу тартибин иретке келтирүү жана миграциялык агымдарды контролдоону күчөтүү максатында кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан