"Уят болуп качып кетти". Швецияда Куранды бир нече жолу өрттөгөн Момикке кол салуу болду (видео) 

Стокгольмдун чет жагында Ыйык Куранды өрттөгөн акциянын уюштуруучусу мигрант Салван Момикке кол салуу болду. Бул тууралуу Aftonbladet басылмасы жазды.

Маалым болгондой, 20-августта түштөн кийин Сёдертяльеде Куранды өрттөгөн Салван Момика кол салууга кабылды.

Гезиттин маалыматына караганда, мигранттын жанына бокс мээлейин кийген белгисиз адам келип, араб тилинде: "Кел, ойнойлу! Сен экөөбүз. Мейли, ойноп жатабызбы?", - деп башка уруп, бутуна тепкен.

Эске салсак, буга чейин Швецияда Куран китебин өрттөгөн акция бир нече ирет уюштурулган. Курман Айт күнү Стокгольмдо Куран китеби теги ирактык жаран тарабынан өрттөлгөн. 31-июлда Швециянын борбору Стокгольмдогу Минтторгет аянтында кайрадан Куран китеби өрттөлгөн. Ага чейин 20-июлда ирактык Салван Момика менен Салван Нажем Ирак элчилигинин алдында Куран китебин тебелешсе, 28-июнда шаардык полициянын уруксаты менен Стокгольмдогу мечиттин жанында Ыйык китепти өрттөшкөн.

Куранды өрттөгөн Момикке кол салуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан