Казакстанда дарыяга чөгүп кеткен 11 адамдын сөөгү табылды

Бүгүн, 23-августта Казакстандагы дарыяга чөгүп кетип изделип жаткан жарандардын баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн изделип жаткан акыркы кыздын сөөгү табылган.

Эске салсак, 21-августта Түркстан облусунда Сыр-Дарыяга 11 адамдын чөгүп кеткени, алардын сегизинин сөөгү изделип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда каза болгондордун сегизи 18 жашка чыга элек балдар экени аныкталган.

Казак басылмалары окуя жол көпүрөсүнө жакын жерде болгонун жана каза болгондор тыюу салынган жерде сууга түшүшкөнүн жазып чыгышкан. Ошондой эле алар бири-бирин куткаруу үчүн сууга секирип кетишкенин маалымдашкан.

Кийинчерээк Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сыр-Дарыянын жээгинде төрт үй-бүлө, жалпысынан 20 адам эс алып жүргөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан