Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалган М.Э.К аттуу Кыргыз жараны тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, Кыргыз жаранына карата кылмыш ишин ар тараптуу, объективдүү иликтөө жана кароо, ошондой эле консулдук коргоо жаатында эл аралык укуктун ченемдерин сактоону камсыз кылуу өтүнүчү менен министрлик казак тарапка ушул жылдын 5 жана 27-июнунда ноталарын жөнөткөн.
Кыргызстандын жаранынын кармалышы ушул жылдын 7-июнунда Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери аралык консулдук кеңештеринде талкууланган.
"Ушул жылдын 29-июнунда Алматы шаарында кармалган М.Э.Кнын иши боюнча маалымат жыйынына Кыргызстандын Башкы консулу адвокаттар менен биргеликте катышкан. Ал эми 3-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары өзүнүн казак тараптагы кесиптеши менен кармалган М.Э.Кнын консулдук жолугуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселеси боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Консулдук кызматкер 4-июлда тергөө абагында М.Э.К. менен жолугуп, анын кармоо шарттары жана ден соолугунун абалы менен таанышкан. Ошондой эле 17-августта консулдук кызматкер айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кароо боюнча соттук отурумга катышкан. Өз кезегинде, иштердин укуктарын коргоону эки адвокат башкы консулдук менен биргеликте ишке ашырууда", - деп айтылат маалыматта.