"Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин каза болгону айтылууда

Украинадагы согушка катышкан "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын мүчөсү Евгений Пригожин Тверь облусунда учак кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пригожиндин учагы Санкт-Петербург шаарына учуп бара жаткан жеринен Тверь облусунун аймагына кулаган. Учакта 10 адам, анын ичинде Евгений Пригожин өзү дагы болгону айтылды. Борттогулардын баары каза болгон.

Айрым басылмалар кырсык болгон жерден Евгений Пригожиндин уюлдук телефону табылганын жазышты.

Каза болгондордун денелери катуу күйгөн. Мындан улам жансыз денелерге генетикалык экспертиза дайындалды.

Евгений Пригожин акыркы жолу Африкадан видео кайрылуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан