Евгений Пригожин Африкадан кайрылуу жасады (видео)

Пригожин июнь айындагы козголоңдон кийинки биринчи видео кайрылуусун жасады. Видео "Вагнердин" телеграм каналдарында жарыяланды.

Видеодон "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин ээн талаада камуфляж кийип, куралчан турганын жана жанында дагы куралчан адамдар менен унааларды көрүүгө болот.

Чет элдик басылмалар видео Африка материгинде тартылганын жазышууда.

"Температура +50 градус, бизге баары жагат. "Вагнер" чалгындоо жана издөө иштерин жүргүзөт. Орусияны бардык континенттерде ого бетер күчтүү, Африканы болсо эркин кылат. Африка элдери үчүн адилеттүүлүк жана бакыт", - деп айткан Пригожин.

Анын айтымында, "Вагнер" учурда жалданма аскерлерди кабыл алууда.

Эске салсак, июнь айындагы козголоңдон кийин "Вагнер" аскерлер тобу жана Пригожин Александр Лукашенко менен сүйлөшкөнү, андан соң алардын Беларусь өлкөсүндө экени айтылган. Бирок 6-июлда Беларусь өлкөсүнүн президенти Лукашенко "Вагнер" жана Пригожиндин Орусияда экенин билдирген. Көп өтпөй интернетте"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын ээси Пригожиндин Санкт-Петербург шаарында жүргөн сүрөтү тараган.

1-августта Кыргызстанда да Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу Кыргыз жараны УКМК тарабынан кармалган. Аталган жарандын “Вагнер” жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулганы белгилүү болгон.

Пригожин ийгиликсиз козголоңунан кийин алгачкы видео кайрылуусун жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан