"Таң калбайм". Жо Байден Евгений Пригожиндин өлүмү боюнча билдирүү жасады

АКШ президенти Жо Байден "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен эмне болгону тууралуу так маалыматы жок болсо да, учактын Тверь облусунда кыйраганына таң калбасын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ошол эле учурда Байден бул окуяда орус президентинин ыктымал ролун кыйытты.

"Эмне болгонун так билбейм. Бирок мен таң калган жокмун. Орусияда Путин артта калбаган көп нерсе жок. Бирок буга жоопту билүү үчүн менде жетиштүү маалымат жок", - деген ал.

Ошондой эле Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Адриен Уотсон дагы Пригожиндин өлүмү тууралуу маалыматтар тастыкталса, эч ким таң калбашы керек экенин билдирди.

Кечээ, 23-августта Евгений Пригожинге таандык болгон учак Орусиянын Тверь облусунун аймагында кулаган. Бортто 10 адам, анын ичинде Евгений Пригожин өзү дагы болгону кабарланды. Борттогулардын бардыгы каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан