Кечээ, 23-августта Индиянын "Чандраян-3" автоматтык Ай станциясы Айдын бетине ийгиликтүү конду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Индиянын космостук аппараты конгон жер Айдын түштүк кеңдигинин 69-даражасында, башкача айтканда, жердегилер мурда эч качан конбогон субполярдык зонада жайгашкан.
Индиянын конуучу платформасында Айдын айланасындагы плазманы изилдөө үчүн бир зонд, кыртыштын 10 сантиметр бийиктигинин жылуулугун аныктоочу бир прибор, сейсмограф жана бортунда 26 килограммдык кичинекей Айга учуучу аппарат да камтылган. Анын алдыга караган эки камерасы, Айдын бетиндеги реголиттин курамын аныктоо үчүн лазердик спектрометр жана ушул эле максат үчүн альфа рентген спектрометри бар.
Индия станциясы Айга конгон төртүнчү өлкө, ал эми Айдын түштүк уюлуна конгон дүйнөдөгү жалгыз мамлекет. Буга чейин Айга СССР, АКШ жана Кытайдын станциялары жайгашкан.
"Чандраян-3" космостук корабли 14-июлда LVM 3 ракеталык аппаратында учурулган болчу.
Белгилей кетсек, 11-августта Орусия СССР таркагандан бери биринчи ирет Айга "Луна-25" космостук аппаратын учурган. Аппараттын Жердин спутнигине конуусу 21-августка белгиленген. Бирок 20-августта станция Айдын бети менен кагылышып, ишин токтоткон.