Ошто кош бойлуу жубайын бычактаган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя Кара-Суу районунда орун алган. Анда милицияга кечээ, 23-августта түнкү саат 23:30дар чамасында арыз келип түшкөнү кабарланат.
Арыз ээлери 33 жаштагы С.И. аттуу жаран оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгын билдиришкен.
Бул факты маалыматтык электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Анын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 40 жаштагы Л.И. аттуу жаран өзүнүн үйүндө аялы С.И. менен пикир келишпестиктен улам аны учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган.
Натыйжада жабырлануучуну туугандары аны Ош облустук төрөт үйүнө жеткиришкен. Ал эми боюндагы 5 айлык баласы түшүп калган.
Бул жагдай боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуя боюнча күбөлөр суралып жатат.
Бүгүн, 24-августта окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жасоого аракеттенүү"" жана "Адам өлтүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдары улантылууда.