Эдинбург зоопаркындагы пингвин Норвегия армиясынын генерал-майор чинин алып, дүйнөдөгү эң жогорку даражалуу пингвин болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2008-жылы ал Норвегияда ефрейтор чинин алган. Ошону менен анын чини акырындык менен жогорулап жатып, генерал-майорго жетти.
Пингвинге чин атайын параддын негизинде тапшырылды.