Дүйнө калкынын 40 пайызын камтыган БРИКС уюмуна жаңы өлкөлөр кошулду

БРИКС уюмунун саммитине дагы 6 өлкө кошулду. Бул тууралуу саммитте Түштүк Африка биримдиги өлкөсүнүн президенти Сирил Рамафоса билдирди.

Алты өлкөнүн катарына Аргентина, Иран, Сауд Арабия, Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмираттары кирди. Аталган өлкөлөр 2024-жылдын 1-июнунан тартып БРИКСке мүчө болушат.

БРИКС уюму Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөсүнөн турат жана 2006-жылы түзүлгөн. Негизинен БРИКС өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер көз карандысыз, тең укуктуулук жана өз ара пайда көрүүнүн негизинде курулган. Уюмдун мүчөлөрү финансылык жактан өз ара жардам көрсөтүү, техникалык прогресс, илим жетишкендиктери менен алмашуу сыяктуу бири-бири менен кызматташып келишет.

2009-жылдан бери уюмга мүчө өлкөлөр жыл сайын расмий саммиттерде жолугушуп келет.

Быйыл саммит Түштүк Африка өлкөсүнүн борбору Йоханнесбургда 22-24-август аралыгында өттү. Ага Орусиянын президенти Владимир Путиндин ордуна аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты. ТАСС агенттиги Путиндин азыркы тапта өлкөдө болуусу маанилүү болгондуктан иш-чарага барбаганын жазса, чет элдик басылмалар Йоханнесбургда Путин Эл аралык кылмыш сотунун ордери боюнча камакка алынышы мүмкүн болгондуктан барбаганын маалымдашкан. Дегени менен орус лидери иш-чара онлайн форматта катышты.

Мындан тышкары, саммитте жалпы 1500 адам катышып, уюмга мүчө өлкөрдүн кызматташтыгын жана инвестиция маселесин карашты. Ошондой эле эл аралык соодада улуттук валютаны колдонуу идеясын жактырышты.

Ал эми уюм кеңейтилгенден кийин БРИКСтин аты өзгөртүлүшү мүмкүн эмес экенин Түштүк Африка Республикасынын уюмдагы өкүлү Анил Суклал билдирди.

"Менимче, БРИКСтин аты өзгөрүлөт деп ойлобойм. Себеби БРИКС дүйнөлүк бренд катары калыптанып калды" ,- деп билдирген Суклал.

Август айынын ортосунда Түштүк Африка бийлиги уюмга 40 мамлекет мүчө болуу ниетин билдиргенин, анын 23ү расмий түрдө кошулууну каалаганын маалымдаган. Алардын арасында Алжир, Аргентина, Ооганстан, Бангладеш, Бахрейн, Беларусь, Венесуэла, Египет, Зимбабве, Индонезия, Иран, Мексика, Таиланд, Тунис, Турция сыяктуу өлкөлөр жана коңшу Казакстан дагы бар.

Эске салсак, БРИКС Жер планетасынын 35 пайызын, дүйнө калкынын 40 пайызын жана дүйнөнүн ички дүң продукциясынын 30 пайызын ээлейт. Бүгүн 6 өлкөнүн кошулуусу менен уюмдун калкы 408 миллионго көбөйдү.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан