Көл үстүнө курулган дүйнөдөгү жалгыз Ганви айылы тууралуу баяндайбыз (фото)

Африканын Бенин өлкөсүндөгү Котону шаарынын түндүгүндө орун алган Нокуэ көлүнүн ортосунда укмуштуудай кооз жана уникалдуу Ганви айылы жайгашкан. Адатта бул аймакты "Африканын Венециясы" деп атап коюшат. Ганви Африкадагы эң чоң калкып жүрүүчү шаар айыл болуп саналат. Бул аймак дүйнө жүзү боюнча саякатчылар үчүн эң мыкты туристтик жайга айланган.

Ганви айылын тофину уруусу кулчулуктан качуу үчүн негиздеген. Кийин айылда башка уруулардын өкүлдөрү пайда болгон. Бардык турак-жай имараттары, дүкөндөр, ашканалар жана башка керектүү курулуштар жыгач үймөлөрдүн үстүнө курулуп, суудан өйдө көтөрүлгөн. Ошол үчүн да "Ганви" деген сөз "биз аман калдык" дегенди билдирет.

Бүгүнкү күндө Ганвинин калкы 20 миңден ашуун адамды түзөт, алар сууга курулган 3 миңдей үйдө жашашат. Үйлөр ар кандай дизайнда курулуп, көбүнчө бамбуктан жасалат жана жыл сайын алмаштырылат. Жерде ташуу үчүн колдонулган бир нече үй жаныбарлары бар. Ганвиде чөп чыккан жерде жалгыз эшектер гана багылат.

Айылды курчап турган суу туздуу болгондуктан аймактагы иш-аракеттердин деңгээлине байланыштуу айыл тургундары өздөрүн таза суу менен камсыз кылуу үчүн кудуктарды казышкан. Тургундар көбүнчө балык кармоо менен алектенет.

Акыркы 500 жыл ичинде тофину эли деңиз деңгээлинен бир нече бийиктиктеги ылайдан үйлөрдү куруп келишкен. Мындай аймак дүйнөдө жалгыз болуп эсептелет. Көпчүлүккө ушул сыяктуу аймакта жашоо ыңгайсыз болгону менен тофину калкы жашоосуна ыраазы. Тургундар кургактыкта жашоо үчүн аталган аймагын эч нерсеге алмаштырбайт.

Ганви - көлдөгү өзгөчө саякаттагысы келген туристтик жай. Бул аймак өзүнүн уникалдуулугу жана кооз уламыштары, укмуштуудай тарыхы жана таасирдүү архитектурасы менен ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Ганвидеги Chez Raphael мейманканасы, рестораны жана белек дүкөнү тофину элинин мыкты азыктарынан даам татууну каалаган туристтер үчүн негизги аялдама болуп саналат. Айрым сайттардын маалыматына караганда, көбүнчө туристтер Ганвиге бир күндүк тур менен гана келишет. Ошондой эле аталган айылда түнөгүсү келбеген туристтер үчүн айылдын четинде жайгашкан шаардан турак-жай жана туристтик пакеттер сунушталат.

Ганви айылы Бениндин ылдыйкы түштүк бөлүгүндө Нокоуэ көлүндө жайгашкан. Бенинге кул издеп келген португалдыктар шаарды XVI кылымда негиздешкен. Азыркы Котону шаары деп аталган шаарда жашагандар кулчулуктан качуу үчүн өз жерин таштап, Ганви аймагынан баш паанек издешкен. Кулчулукка түшүп калуудан корккондуктан Тофину уруусунун лидери өз элин чогултуп, сууда жашоо идеясын ойлоп тапкан.

Тофину уруусунун диний ишеними боюнча, сууда жашаган адамдарды коркутуу мүмкүн эмес болгон, себеби күнөөлүүлөрдү Кудай жазалайт деп ишенишкен.

Уламыш боюнча, көп жылдар мурун Тофину уруусуна кул соодасы менен алектенген Дом Хомей уруусу чабуул жасап турган. Алардын бул чабуулунан кутулуу үчүн тофину уурусу коркунучтуу жин жашаган Ноко көлүнө көчүп барган. Дом Хомей уурусу тофину элин көл жээгинде көп убакыт бою күтүшкөн, бирок алар көлдөн жээкке чыккан эмес. Кийин уруу коркунучтуу жин алардын коргоочусу болуп, аларды жок болуп кетүүдөн сактап калды деп ишенишет. Ошол мезгилден бери уруунун жашоосу көл жана суу менен тыгыз байланышта болуп калган.

Дагы бир уламыш боюнча, Дагомея падышалыгы XVIII кылымда алсыз мамлекеттерди баш ийдире баштаган. Падыша Абодохоу өз элин сактап калуу жана падышачылыкты калыбына келтирүү үчүн батырга айланып, көлдүн ортосунан обочолонгон жай тапкан. Андан кийин ал крокодилге айланып, башка крокодилдерден суунун жээгине айыл курууга жардам берүүсүн суранган.

Кургак жерде жалгыз гана мектеп жайгашкан, калган бардык турак-жайлар суу үстүнө курулган. Учурда көрүстөн курулуп жатканы айтылууда. Айылда мектептен сырткары, оорукана, дарыкана, дүкөн, чиркөө жана базар бар.

Айылды кыдыруу же бир үйдөн башка үйгө баруу үчүн бул айылда жыгачтан жасалган кайыктар гана колдонулат.

Учурда Ганви олуттуу коркунуч туудурган экологиялык көйгөйлөргө туш болууда. Туура өнүккөн канализациянын жоктугунан көлдүн суусу жараксыз болуп калган. Мындан тышкары, ондогон жылдар бою ашыкча балык уулоо, балыкчылардын санынын көбөйүшү жана көлдүн кумга толуп калышы негизги көйгөйлөрдүн бири.

Баса, Ганвиде эркектер балык уулоо менен алектенишсе, аялдар кайыктарына отуруп алышып базарда соода кылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан