Бангладеште сары безгек оорусунан сутка ичинде 13 киши каза болду

Бангладеште акыркы 24 саатта сары безгек оорусунан дагы 13 адам каза болуп, өлкө боюнча бул оорудан каза болгондордун саны 506га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Бангладештин Саламаттыкты сактоо башкы директорлугунун (DHGS) билдирүүсүндө өлкө боюнча аталган ооруну жуктургандардын саны 106 миңден ашканы белгиленди.

Бир күндө эле 2 миң 70 адамдын ооруканага жаткырылгандыгы билдирилип, учурда сары безгек оорусунан 7 миң 825 бейтаптын ооруканаларда дарыланып жатканы жарыяланды.

Билдирүүдө каза болгондордун жалпы саны акыркы 24 саатта 13 адам менен 506га жеткендиги белгиленди.

"Бангладештин Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөлүк бакубатчылык министри Захид Малеке Дүйнөлүк банктын өкмөттүн сары безгек менен күрөшүү кампаниясын колдоо үчүн 100 миллион доллар бөлөрүн билдирди.

Өткөн жылы өлкөдө сары безгек оорусунан 281 адам каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тропикалык жана субтропикалык аймактарда байкалган сары безгек оорусу адамдарга чиркейлер аркылуу жугат. Негизинен инкубациялык мезгилден кийин жеңил температурага алып келген оору кээ бир учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан