Берлинде Кыргызстан менен Германиянын ТИМ башчылары жолукту. Эмнелер талкууланды?

Бүгүн, 24-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Берлин шаарына болгон сапарынын алкагында Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Анналена Бербок менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ушул жылдын 22-23-июнунда Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын, ошондой эле өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштурууну талкуулашты.

"Германиянын Европадагы жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү тышкы саясий өнөктөштөрдүн бири болгон жана болуп кала берет", - деп белгиледи жолугушуунун башында министр Жээнбек Кулубаев.

Ага ылайык, Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок да өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде Германия-Борбор Азия диалогдук платформасынын алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары ушул жылдын ноябрында Гамбург шаарында өтө турган кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынын эске алуу менен, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, соода жүгүртүүнү өз ара көбөйтүү жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, герман инвестициясын айыл чарба, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалымат технологиялары жана башкалар сыяктуу келечектүү тармактарга тартуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле айлана-чөйрө жана экология жаатындагы актуалдуу өз ара аракеттенүүнү карашты. Атап айтканда, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүн чечүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо стратегиясын иштеп чыгууга жана Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо уюмдарынын Кыргызстандагы долбоорлорун ишке ашырууга багытталган "Жашыл Борбордук Азия" аймактык демилгесинин алкагында кызматташуу маселелерине көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле делегациялардын башчылары эки өлкөнүн энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, климатты коргоо жана «жашыл» экономикага байланыштуу башка кызыкдар чөйрөлөрдө кызматташуу потенциалын баса белгилешти. Буга байланыштуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев германиялык кесиптешине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын реструктуризациялоо, анын ичинде аны "жашыл экономика" чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоого алмашуу жолу менен демилгеси тууралуу маалымат берип, бул багытта биздин өлкөлөр ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүүнү сунуштады.

Мындан тышкары ал эки өлкөнүн ортосундагы иш менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыктын активдештирилгендигине, 2023-жылдын 4-августунда Германиянын федералдык өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамптын Кыргызстанга сапарына оң баа берди.

Жолугушуунун өзүнчө темасы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо болду. Атап айтканда, билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгү жана герман тарабынын 2024-жылы Бишкекте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) аймактык өкүлчүлүгүн түзүү ниети белгиленди.

Тараптар ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтыкты, Афганистандагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Министрлер кабинети менен Германия Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү ниети жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Документте тараптардын Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы саясат, экономика, инвестиция, климат, “жашыл экономика”, маданият жана башка тармактарда кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү ниеттери чагылдырылган.

Андан соң германиялык тарап Кыргызстан менен Германия тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын биргелешкен пресс-конференциясын уюштуруп, анда сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктары чагылдырылып, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооптор берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан