Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты. Бул тууралуу кечээ, 24-августта БШК кабарлады.
Маалымдалгандай, БШКнын отурумунда талапкер Абдивали Балтабаевдин жазган арызынын негизинде каттоосу жокко чыгарылды.
Ошондой эле жыйында Ленин округу боюнча кайра шайлоонун бюллетенинин текстти бекитилди.
Шайлоо бюллетендери "Учкун" басмаканасында даярдалат. Талапкер Балтабаевдин саясий өнөктүккө катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу чүчү кулакта аныкталган бюллютендеги 3-катардагы сап бош болору кабарланды.