Президент Жапаров Лукашенкону Бишкекке чакырды

Минск шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивактын төрагалыгы алдында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын он биринчи отуруму болуп өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда тараптар кыргыз-беларусь соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жыйындын күн тартибинде өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу, аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү жана башка маселелер каралды.

Төрөбаев өз ара сапарлар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, ошондой эле жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги ролду ойной турганын белгиледи.

"Кыргызстан менен Беларусь эл аралык платформаларда дагы конструктивдүү кызматташып, өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелери боюнча колдоо көрсөтүлүүдө.

Президент Жапаров Беларусь президентин Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууга чакырды. Жыйын үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкекте өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар биргелешкен инфраструктуралык жана кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында өнөр жай, транспорт жана логистика боюнча жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты.

Билим берүү тармагында Беларустун алдыңкы жогорку окуу жайларында бюджеттик бөлүмдөрдөгү орундардын санын көбөйтүү маселесин кароо сунушталды.

Түз байланыштарды активдештирүү максатында тараптар эки өлкөнүн ортосунда Бишкек-Минск каттамы боюнча түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын иштеп чыгууга өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

"Өнөр жай кооперациясын жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы кызматташтык жагынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстандагы ресурстук базанын чоң потенциалын белгиледи, бул өндүрүштү биргелешип өнүктүрүү аркылуу өндүрүлгөн продукцияны локализациялоонун жогорку деңгээлине ээ ишканаларды ачууга мүмкүндүк берет.

Буга байланыштуу кыргыз тарап беларусь кесиптештери менен технологиялар жана тажрыйба алмашуу, нефтехимия, металлургия, кремний жана текстиль кластерлери, минералдык жер семирткичтерди өндүрүү жана башка тармактарда биргелешкен ишканаларды уюштурууга даярдыгын билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, тараптар темир жол тармагы үчүн кесипкөй жана техникалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Беларусь тарап Кыргызстандан жашылча-жемиштерди туруктуу жеткирүүнү уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

"Ошондой эле кыргыз тарап Кыргызстан менен Беларустун аймактарынын аймактар аралык кызматташтыгын бекемдей турган Региондор форумун өткөрүүнү сунуштады. Бул контекстте тараптар Жалал-Абад облусу менен Беларустун Гродно облусунун ортосунда эки тараптуу кызматташуунун практикалык жолго коюлганын канааттануу менен белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Соңунда Бакыт Төрөбаев беларусь тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кыргыз-беларусь кызматташтыгын бекемдөөгө кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- жакынкы жана орто мөөнөттүү мезгилге эки тараптуу иш-чаралардын кеңири спектрин камтыган жолугушуунун протоколу;

- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Беларусь Республикасынын Гродно облусунун ортосундагы кызматташуунун жол картасы;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы менен Беларусь темир жолдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы менен “Белжелдорпроект” институту” долбоорлоо-изилдөө республикалык унитардык ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан