Дональд Трамп АКШнын тарыхында түрмөдөгү сүрөтү бар алгачкы президент болду

АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын түрмөдөн тартылган сүрөтү X социалдык тармагына (мурдагы Твиттер) жарыялангандан кийин бир сааттын ичинде 16 миллион көрүүнү топтоду.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Трамптын посту жарыялангандан кийинки биринчи саатта 80 миңден ашык комментарий, 143 миңден ашык репост жана 335 миңден ашык лайк алган.

Трамп жаңы постунда "шайлоого кийлигишүү", "эч качан багынба" деп жазып, өзүнүн сайтына шилтеме берген. Бул саясатчынын жогоруда аталган социалдык тармактагы 2021-жылдын 8-январынан берки алгачкы посту.

2021-жылдын январында Капитолийге чабуул жасалгандан кийин администраторлор анын аккаунтун жаап салмайынча, Трамп бул социалдык тармакты активдүү колдонгон. Твиттерди ишкер Илон Маск сатып алгандан кийин аккаунт калыбына келтирилген, бирок экс-президент ал жакка кайтуудан баш тарткан.

Эскерте кестек, кечээ, 24-августта Дональд Трамп Джорджия штатында расмий түрдө камакка алынган. Мында ага каршы төртүнчү кылмыш иши каралды. Бул ирет Трампка аталган штатта 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын өзүнүн пайдасы үчүн жасаган аракеттери боюнча күнөө коюлган.

Сүрөткө тартуу (магшот) жана манжа изин алуу процесси аяктагандан кийин 200 миң доллар күрөө менен Трамп абактан бошотулган.

Муну менен Дональд Трамп АКШнын тарыхында түрмөдөгү сүрөтү бар алгачкы президент болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан