Финляндияда куш тумоосунан улам 120 миңге жакын норка менен түлкү жок кылынат

Финляндияда куш тумоосунан улам 120 миң норка жана түлкү жок кылынат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Азык-түлүк продуктылар башкармалыгына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, июль айынын ортосунан бери Финляндиянын мех фермаларында куш тумоосунун очогу байкалып, алардын 25инде инфекция тастыкталган. Буга байланыштуу бийлик 120 миңге жакын түлкү жана норканы жок кылууга буйрук берген.


Ушул убакка чейин 13 чарбанын иши токтотулган. Жалпысынан өлкөдө 400гө жакын тери фермалары иштейт, аларда болжол менен 1,3 миллион териси баалуу жаныбар бар.

Финляндияда куш тумоосунун алгачкы учурлары жайдын башында катталган. Алгач канаттуулар гана ооруп жүрүшкөн, бирок июль айында бул оору жаныбарлардын арасында да катталган.

Белгилей кетсек, бул өлкө Европадагы түлкүнүн жүнүнүн эң ири өндүрүүчүсү болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан