Антарктидада муздун жарылуусунан 10 миңдей пингвин өлгөнү маалым болду

Антарктидада муз жарылып, миңдеген пингвин өлүмгө дуушар болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Антарктидада болжол менен 10 миңдей пингвиндин балдары өлгөн. Окуя 2022-жылдын аягында континенттин батышындагы Беллингсгаузен деңизине караган аймакта болгон. Муздун сынганы Спутникте жазылып калган.

Окумуштуулардын пикири боюнча, муз пингвиндин балапандары океанда сүзүү үчүн зарыл болгон тери жүнүн иштеп чыга электе эле эрип, талкаланган. Канаттуулар сууга чөгүп же тоңуп өлгөн болушу мүмкүн.

Бул окуя боюнча Британдык Антарктика изилдөөсүнүн доктору Питер Фретвелл билдирүү жасап, пингвиндер келечекте жок болуу алдында турганын айткан. Ал пингвиндердин 90 пайызы ушул кылымдын аягына чейин толук жок болот деп болжолдогон. Себеби климаттык өзгөрүүдөн улам Антарктидадагы муздар толугу менен эрип кетиши ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан