
27-28-август күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 27-28-августта тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Министрлик кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт.