1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы "Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү" жөнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун практикалык ишке ашырылышы башталат.
"Протоколго ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алышат", - деп айтылат билдирүүдө.