Норвегия Украинага F-16 согуштук учактарын берүүнү убада кылды. Бул тууралуу америкалык New York Times басылмасы жазып чыкты.
Муну менен Норвегия Украинага аскердик учактарды өткөрүүнү пландаган НАТОнун үчүнчү өлкөсү. Буга чейин мындай билдирүүнү Голландия менен Дания дагы жасаган.
Азырынча учактардын саны жана аларды жеткирүү мөөнөтү тууралуу маалыматтар айтыла элек.
"Биз Украинага норвегиялык F-16 согуштук учактарын берүүнү пландап жатабыз жана өз убагында берилиши, саны жана жеткирүү мөөнөтү боюнча кененирээк маалымат беребиз", - деп билдирген Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере.
Мындан сырткары Норвегия Киевге ракеталарды атып түшүрүү үчүн немис IRIS-T абадан коргонуу системаларын берүүнү убада кылган.
Өткөн аптада АКШ президенти Байдендин администрациясы союздаштарына АКШ долбоорлогон учактарды Украинага жөнөтүүгө уруксат берерин айткан.
Белгилей кетсек, 22-августта Украинанын коргоо министри Алексей Резников учкучтарды даярдоого жана F-16 учактары Украинага келгенге чейин 6-7 ай керек экенин билдирген. Учкучтар F-16 учагын тейлөөнү үйрөнө турган 65 украин аскери менен бирге Даниянын Скридструп авиабазасында бирге машыгат. Буга чейин АКШдагы украин учкучтарын октябрдан баштап окута турганын маалымдаган.
Дания Украинага 19 F-16 согуштук учагын берет, алардын алтоосун жаңы жылга чейин берүүнү пландоодо. Ал эми Голландия Норвегия сыяктуу бериле турган учактардын так санын билдирген жок.