Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими болуп Жапарбек Ормонов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ормонов Жапарбек Туратович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.