АКШнын Оклахома штатында мектеп окуучуларынын футбол оюнунда белгисиз куралчан адам ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү телеканалга таянуу менен билдирди.
Маалым болгондой, окуядан кеминде төрт адам жаракат алды. Ал эми ок чыгарган адам качып кеткен, ал азырынча кармала элек.
Видеодон оюндун катышуучулары жана көрүүчүлөр стадиондон качып чыгууга аракет кылып жатышканын көрүүгө болот.