Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө катталганын Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы социалдык тармагында билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, жер титирөө Нурхак аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:58де катталган.
Жер титирөөнүн очогу 6,99 чакырым тереңдикте болгон.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөлөр орун алган. Кырсык өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшу мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген.