Дүйнө жүзүндө коронавирус көбөйүп жатканы айтылды

Дүйнө жүзүндө 24-июлдан 20-августка чейин коронавирус инфекциясынын жаңы 1,5 миллион учуру катталган, бул ага чейинки 28 күнгө салыштырмалуу 63 пайызга көп. Мындай маалыматты РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип жазды.

Бирок оору өскөнү менен инфекциядан каза тапкандардын саны азайган.

"Уюмдун маалыматы боюнча, коронавирус ДССУнун беш аймагынын үчөөсүндө - Европада, Тынч океанынын батыш аймагында, Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында көбөйгөн. Ал эми Африка менен Түштүк-Чыгыш Азия аймагында илдеттин азайганы байкалган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ДССУ 10-августта коронавирустун омикрон-штаммынын EG.5 варианты тездик менен тарап жатканын, бирок анын ден соолукка коркунучу азыраак экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-08-27 01:16:00
башты оорутпагылачы, вирусуңар дагы, согушуңар дагы жетишет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан